БОЛУШ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. тар. Революцияга чейинки Россияда жана СССРде 1930-жылдарга чейин райондоштуруу жүргүзүлгөнгө чейинки мезгилде уезддин бир бөлүгү болуп эсептелген төмөнкү административдик-территориялык бөлүнүш бирдиги, волость. Ак-Буура болушундагы калктын бардыгы чоң мечиттин алдындагы аянтка чогулган (Абдукаримов). Канай болушу. Ичкилик болушунун чеги. 2. Ушул бөлүнүштүн, аймактын башкаруучусу. Лампаны эң биринчи Сарыгул деген болуш алып келиптир (Сыдыкбеков). Айдалып барып болуштан Ага-ини таптым орустан (Токтогул).